Манас районунун  Уч-Коргон  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде  улук кызмат орунуна  кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Манас районунун Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

 

      Улук кызмат (С-А). (Каржы-экономика  бөлүмүнүн башчысы)

  1. Кесиптик билимдин дэңгээли:

-Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компонентүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
  • Кыргыз республикасынын Бюджеттик кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ№25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон  көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

-билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык

документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

 

-көнүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-00 дан  17:00 гө чейин тапшыруу керек.

Дареги: Манас району, Кызыл- Жылдыз  айылы, О.Төрөгелдиев көчөсү №14, Уч-Коргон  айыл өкмөтүнүн имараты,  Вотсап 0772 21 47 75, Моб. 0557 70 83 17