Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
1) Башкы кызмат орундары үчүн:
-гуманитардык илимдер багытындагы филология жана лингвистика боюнча жогорку билим.
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

2) Улук кызмат орундары үчүн:
-гуманитардык илим багытындагы филология, лингвистика боюнча жана юридикалык жогорку билим.
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кенже кызмат орундары үчүн:
-гуманитардык илимдер багытындагы филология, лингвистика, экономика, башкаруу багынтындагы экономикалык илимдер, эсептөө техникасы, информациялык технологиялар илимдер багытындагы информациялык система жана технологиялар илими боюнча жогорку кесиптик билим.
-иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Башкы кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
Жалпы квалификациялык талаптар:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
7)“Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
8)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
Предметтик ченемдик укуктук актылар:
11)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын;
12)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” токтомун;
13)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун;
14)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун;
15)Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы тууралуу” токтомун;
Билгичтиги:
-теориялык идеяларды, укуктук билимдерди, укуктук тажрыйбаны жайылтуу чөйрөсүндө иш-чараларды өткөрүү;
-чыгып сүйлөөлөрдү, макалаларды, презентацияларды даярдоо;
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
-маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
-Текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө.
-Файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).
-Сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу.
-Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү).

Улук кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
Предметтик ченемдик укуктук актылар:
7.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
8.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”;
9.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун;

Юриспруденция багыты боюнча:
-Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
-“Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому;
-Кыргыз Республикасынын Мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому;
-“Кыргыз Республикасынын Мыйзам алдындагы актыларынын долбоорун укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизалардан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому;
-“Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынынинистрлер кабинетинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 моктому.
Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-бөлүмдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды сунуштоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;
-алдыга койгон милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өз ишин натыйжалуу пландоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, аймактык өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилин (зарылчылыкка жараша) билүүсү.
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Кенже кызмат орундары үчүн:
Билүүгө тийиш:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
Предметтик ченемдик укуктук актылар:
4)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
5)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”токтомун;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө”токтомун;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө”токтомун.
Экономика багыты боюнча:
-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
Маалыматтык технологиялар багыты боюнча:
-“Электрондук кол коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
-“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
-практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
-продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):
-Өздүк арызы;
-Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;
-Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
-Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);
-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);
-Паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2022-жылдын 28-мартынан 6-апрелге чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 9.00 дөн 17.00гө чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Бишкек ш., Бөкөнбаев көчөсү 182
Байланыш телефондор: 31-58-15, 31-58-40;

Конкурс www.mamtil.kg , www.mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.