Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгынын негизинде административдик улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадралар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
- Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат :
- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо);
- Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек :
- Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн :
Кесиптик билим деңгээли:
Жогорку билим:
Гуманитардык илимдер:
Экономика жана башкаруу;
Социалдык илимдер;
Педагогикалык билим берүү;
Табигый –илимий билим берүү;
Техникалык илимдер.
- Иш стажына талаптар коюлбайт;
- Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн :
Кесиптик билим деңгээли :
Жогорку билим;
Гуманитардык илимдер:
Экономика жана башкаруу ;
Социалдык илимдер ;
Педагогикалык билим берүү ;
Табигый – илимий билим берүү ;
Техникалык илимдер.
- Иш стажы жана тажрыйбасы :
жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы ;
- Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн :
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү ;
— Компьютердик сабаттулук жана керектүү прогораммалык продуктыларды билүү ;
- Жөндөмдүүлүгү :
-Социалдык маселелерди талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү ;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү ;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө ;
— презентацияларды уюштуруу ;
— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү ;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
Көчүрмө аппараттар, принтер, сканер,проектор же интерактивдүү такта, факс.
Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү :
- Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама .
- Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл
ll.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл
Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Ноокат шаары Ленин көчөсү -12
Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору 0(3230)5-01-87-,0553-12-06-05