
- Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики > Жаңылыктар > Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө республикалык семинар-кеңешме өттүүдө.
Архивы
This post is also available in: Kyrgyz
2022-жылдын 23-июнунда Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө республикалык семинар-кеңешме өттүүдө. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулду. Кеңешме 2021 жылы өткөрүлгөн «Мыкты айыл өкмөтү» жалпы республикалык сынагынын жыйынтыгында Гүлчө айыл өкмөтү 1-орунду жеңичүү болгондуктан Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө уюштурулган. Жеңүүчү катары Гүлчө айыл өкмөтүнө өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 1,5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн (2021-жылдын 18 октябры, №240-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тескемеси).
Семинар-кеңешмеге жети облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер, шаарлардын мэрлери, ошондой эле башка айыл өкмөттөрдүн башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары, жарандык коом жана Мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери, анын ичинде директор Жантаев Элчибек Нуржадиевич катышты.
Бул республикалык семинар-кеңешме айыл өкмөттөрдүн инфраструктурасын, социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга инвестиция тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арасында алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
720017 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 122 Кабылдама: 0312 62-04-05, 62-02-43, факс 62-25-43. Жалпы бөлүм 62-0243, Кеңсе 62-02-43, Ишеним телефондору 66-02-95; 66-03-37; 66-03-39 е-mail: mmkyzmat@mkk.gov.kg