Панфилов райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарын элөөгө кадрдык резервке кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт: Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: -жогорку билим: гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу; -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: — жогорку билим; гуманитардык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, мугалимдик кесиптер, экономика жана башкаруу; — иш стажы талап кылынбайт. Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;  «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:  «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;  «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:  «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  Кыргыз Республикасынын Балдар жөнундө Кодекси  «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:  жеке арызы;  резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);  негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт) Документтерди 2024-жылдын 5-ноябрь айынын – 20- ноябрына чейин саат 8.30- 17.30 чейин кабыл алынат. Кайынды шаары, Садовая №7 көчөсү, Панфилов райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш. Сурап билүү байланыш номер: 0(3137) 51-2-45, 51-9-81 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү