«Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы» программасы жыйынтыкталды
2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде «Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы» үч айлык даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программасын жыйынтыктоо жана анын катышуучуларына күбөлүктөрдү тапшыруу аземи өттү.
Программа мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук сектордо эмгектенген аялдардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, заманбап технологияларды иш процессинде натыйжалуу пайдалануу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана лидерлик потенциалын күчөтүүгө багытталды.
Салтанаттуу иш-чарага Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Өнүктүрүү саясат институтунун, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын өкүлдөрү жана программанын бүтүрүүчүлөрү катышты.
Иш-чараны ачып жатып, Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев программанын маанисине токтолуп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында санариптик көндүмдөргө ээ, демилгелүү жана заманбап билимдерди өздөштүргөн адистердин ролу жогору экенин белгиледи.
Программанын алкагында катышуучулар санариптик инструменттерди колдонуу, инновациялык чечимдерди ишке киргизүү, лидерлик жана заманбап башкаруу көндүмдөрү боюнча билимдерин өркүндөтүштү.
Салтанатта программанын бүтүрүүчүлөрү да сөз сүйлөп, үч айлык окуу процессинин жыйынтыктары жана алган билимдерин практикалык ишмердикте колдонуу боюнча пикирлери менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы» программасын ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга күбөлүктөр тапшырылды.
Мындай демилгелер мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында аялдардын лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, санариптик трансформацияны илгерилетүүгө жана заманбап башкаруу маданиятын калыптандырууга багытталган.
Иш-чара соңунда концерттик программа тартууланып, катышуучулар эстеликке жалпы сүрөткө түшүштү.
wpChatIcon
wpChatIcon