АГЕНТТИК МЕНЕН БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТЧЫЛАР ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН ӨТКӨРДҮ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн уюштурган квалификацияны жогорулатуу курстары жыйынтыкталды. 21–24-сентябрь күндөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын социалдык маселелер боюнча жетекчилеринин орун басарлары үчүн окутуу өткөрүлдү. Курска Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын социалдык маселелер боюнча жетекчилеринин орун басарлары катышты. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулардын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, социалдык чөйрөдөгү башкаруунун практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, практикалык сабактар, мамлекеттик органдар аралык өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү деңгээлдеги социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү жолдору боюнча талкуулар өткөрүлдү. Сабактарга министрликтердин жана ведомстволордун адистери, эксперттер жана тажрыйбалуу лекторлор тартылды. Квалификацияны жогорулатуу курстары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун кадрдык потенциалын чыңдоого багытталды. Кийинки этапта, 2026-жылдын октябрь айында, экономикалык маселелер боюнча жетекчилердин орун басарлары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү пландаштырылууда. #МамлекеттикКызмат #МуниципалдыкКызмат #КвалификацияныЖогорулатуу #КадрдыкСаясат #БашкарууАкадемиясы Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу