Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2022-жылдын 28-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу аркасында Бишкек шаарында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жаңы функционалдарын үйрөтүү боюнча 3 күндүк окуу семинар башталды. Окуу семинардын ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Репсубликасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси Посолу, Улуу Британиянынын Кыргыз Республикасындагы Посолу катышат.                                                                                                  Окуу семинарга Чуй облусунун  жооптуу катчылары жана Бишкек шаарынын муниципалдык территориялдык башкармалыгынын кызматкерлери катышууда, окуу семинардын негизги максаты “Санарип аймак” тутумунун “Чарба китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын паспорту” модулдарынын  жаңы фунцияларын окуутуу жана практикалык түрдө үйрөтүү. Бул семинар 2022-жылдын 15-октябрына чейин созулуп, республикадагы бардык жооптуу катчылар окутулат.                                                                                      Окуу семинарда, “Санарип аймак” тутумун алып барууда жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендери Агенттиктин ведомстолук сыйлыктары менен сыйланат.