Сузак районунун билим берүү бөлүмү кадрлар резервине  кирүү үчүн  ачык конкурс жарыялайт

 

Административдик кызмат орундарынын   улук  жана кенже тобуна кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ  КОЮЛГАН  КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР:

I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына (У-Б) төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:1.    Кесиптик билимдин деңгээли:Жогорку билим ( гуманитардык, педагогикалык)2.    Иш стажы жана тажрыйбасы:—    мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;3.    Кесиптик компетенттүүлүгү:Жалпы мыйзамдар:-   Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;-   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;                                                                                                 —   Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»   Мыйзамы;                                                                                                                —   Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;                                                                       —   Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;-   Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;                                                                                                           —   Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.Ошондой эле предметтик мыйзамдар:-        Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мйызамы;-        Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамы;-        Кыргыз Республикасынын «” Мыйзамы.-        Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;-        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;                                                                                                           I. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына  төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:1.    Кесиптик билимдин деңгээли:Жогорку билим ( гуманитардык, педагогикалык)2.    Иш стажы жана тажрыйбасы:- Талап коюлбайт-    3.    Кесиптик компетенттүүлүгү:Жалпы мыйзамдар:—              Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;-              Кыргыз Республикасынын Конституциясы;                                                                                                                                                                                                       —              Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;                                                                        —              Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;                                                                                                           —              Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.Ошондой эле предметтик мыйзамдар:—          Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мйызамы;-          Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамы;                —              Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»   Мыйзамы

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына мамлекеттик кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;
  • Резюме (электрондук почтаны жана телефон номерин көрсөтүү менен);
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Жеке баракча
  • Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

 

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10  күндүн ичинде кабыл алынат.  

Дареги: Сузак району Сузак айылы, Дакан Палван көчөсү, 11

тел. 0551177122