Жетектөөчү адис-юрист – 1 штаттык бирдик. Кенже кызмат орду (К-А)Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

 -Юриспруденция багыты боюнча  жогорку кесиптик же болбосо орто кесиптик билим.

 

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • Иш стажына талаптар коюлбайт.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

-Кызматтык  милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Билгичтиги:

  • Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдар, ченемдик укуктук документтер менен камсыз кылуу;
  • Юридикалык документтердин мыйзамдарга ылайыктуулугун текшерүү;
  • Ишкананын жетекчисине кол коюу үчүн берилген буйруктардын, көрсөтмөлөрдүн, жоболордун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорунун мыйзамдарга ылайыктуулугун текшерүү;
  • Башка органдардан ишканага түшкөн даттанууларды жана кайрылууларды кароо;
  • Нотариус менен байланышты жүргүзүү;
  • Документтерди сотко чейинки даярдоону чечүү;
  • Сотто ишкананын кызыкчылыгын коргоо;
  • укуктук маселелер боюнча уюмдун кызматкерлерине кеңеш берүү, документтерди түзүүдө юридикалык жардам көрсөтүү;
  • Көзөмөл органдары тарабынан текшерүү учурунда уюмдун кызыкчылыгын билдирип, инспекторлордун корутундуларынын негиздүүлүгүн, тууралыгын, текшерүүлөрдүн жыйынтыктарынын аткарылышынын тууралыгын аныктайт.

 

 

 

 

 

Көндүмдөрү:

 

  • Жарандык, кылмыш, финансылык, эмгек жана административдик укук тармагында билимдүү болуу;
  • мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөй билүү, аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

-бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

-кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 — 2 даана);

-өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-резюме;

-паспорттун көчүрмөсүн;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка  катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 9:00 дан 18:00 го чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Талас шаары, К. Нуржанов көчөсү № 18,

Сурап-билүү тел.:  (03422) 5-63-18, 0703 54 51 10.