Талас шаарынын мэриясы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Талас шаарынын мэриясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик муниципалдык кызмат орундун улук тобун (экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча) ээлөөгө;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;
2) 18 жаштан жаш болбоого;

1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

2. Административдик кызмат орундун улук тобу (экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча) үчүн:
— Экономика жана башкаруу, статистика, математика, колдонмо математика, салык жана салык салуу жана банк иштери багыттары боюнча жогорку кесиптик билими.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик муниципалдык улук кызмат оруну үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө
тиркелип (папка-Дело№) тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөт (4х6 — 2 даана);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн ичинде саат 9:30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18 (уюштуруу бөлүмү)
Байланыш телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71