Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызмат
орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
- Улук кызмат орундары үчүн:
Бөлүмдүн башкы адиси (У-Б)- 2 шт.бирдик
Кесиптик билимдин деңгээли:
- Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жалпы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес
- Кенже кызмат орундары үчүн:
Бөлүмдүн жетектөөчү адиси (К-А)- 1 шт.бирдик
Бөлүмдүн адиси (К-Б)- 1 шт.бирдик
Кесиптик билимдин деңгээли:
- Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Иш стажысына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
1.Улук кызмат орундары үчүн:
— төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
- Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандарты;
- Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты;
- Кенже кызмат орундары үчүн:
— төмөнкүлөрдү билүү
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
- Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Коснтитуциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- Жеке арызы;
- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
- Паспорттун көчүрмөсү
Документтерди кабыл алуу 12-апрелден 24-апрелге чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 18:00гө чейин
Дареги: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Т.Жээналиев көчөсү №31/1, Тел.: (03738) 50033, моб.: 0709777815