Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарынын (С-Б) кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Улук кызмат (өнөр-жай, курулуш, транспорт, энергетика жана коммуникация маселелери боюнча башкы адис) ордуна (С-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: — жогорку билим – “Табият таануу илимдери”- Картография жана геоинформатика, Гидрометеорология, Жер кыртышынын билими, Жаратылышты колдонуу жана экология багыты боюнча, “Экономика жана башкаруу”, “Айыл чарбасы”, “Геодезия жана жерге жайгаштыруу”, “Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү”, “Энергетика жана электротехника”, “Материал таануу, металлургия жана машина куруу”, “Транспорттук техника жана технология”, “Электротехника, радиотехника жана байланыш”, “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Архитектура жана курулуш” тармактарында.

Стажы жана иш тажрыйбасы: -жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы, же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); — илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып, 10 жумушчу күндүн ичинде Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо көч. №53 дарегинде кабыл алынат.

Байланыш телефондору (03738) 5-00-05, (0777) 72-92-90 Конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет