Базар-Коргон шаарынын мэриясы башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн төмөндөгүдөй талаптарга шайкеш болуу керек:

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык, юридикалык, экономикалык, техникалык, айыл чарба, ветеринардык, табигый илимдер,  курулуш, энергетика тармактарында)

 

             2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

–  жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү  кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн

 төмөндөгүдөй талаптарга шайкеш болуу керек:

 

  • Кесиптик билим деңгээли :
  • жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,

гуманитардык, юридикалык, экономикалык, техникалык, айыл чарба, ветеринардык, табигый илимдер,  архитектура жана курулуш, энергетика тармактарында)

 

  • Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана муниципалдык

кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө  3  жылдан кем эмес иш стажы;

 

СЫНАККА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

  • Өзүнүн арызы;
  • Резюме (байланыш телефон номери, электрондук дареги менен);
  • Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
  • Жогорку билимин ырастаган документтердин көчүрмөсү;
  • Акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча баракча сүрөтү менен;
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатты

көрсөтүү менен);

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

 

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккан күндөн баштап,  он беш (15) календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Базар-Коргон шаары, К. Култаев көчөсү №84, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын имараты.

Сурап билүү телефондору:  (03736) 5-05-38, 0778 04 84 08, 0995 15 55 08

wpChatIcon
wpChatIcon