Аксы районунун Кербен шаарынын мэриясы улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт! Жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – (Курулуш жана архитектура, техникалык картография жана геодезия, айыл чарба, агроном, юриспруденция, финансы багыты, энергетика, табигый илимдер); Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдүү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; –“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конститутциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы жөнүндөгү” №120 Токтому; – Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Турак жай кодекси”; – Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (КР Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди билүү; Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Мыйзамдуулук жана укук коргоо маселелери боюнча башкы адис 1) кесиптик билимдин деңгээли: – юридикалык багыттагы жогорку билим, же укук таануу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; –“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конститутциялык Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы жөнүндөгү” №120 Токтому; Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: -Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодекси; -Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси; -Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн документтер: – бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз ( контакттык телефон номери, электрондук почтасын көрсөтүү менен); – кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, 4 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү менен; – резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгондугу жана соттолбогондугу жөнүндө маалымат); – билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү дипломдорунун көчүрмөлөрү; Эскертүү: Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта өтүнмө бериш керек. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыя Кербен шаарынын мэриясынын веб сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат. Кербен шаары, Ныязалы көчөсү №7, Кербен шаарынын мэриясы Айпери Туманбаева Тел: 0771 771-015 Жазуулар боюнча багыттоо Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы