Урматтуу Улуттук кадрлар резервинин резервисттери!

Кызматтык муктаждыкка байланыштуу, Сиз мүчө болгон кадрлар резервдери (регионалдык кадрлар резерви, кадрлардын муниципалдык резерви жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын резервдери) жөнүндө маалыматты чагылдырган актуалдуу маалыматтар (түстүү сүрөт) менен резюме жиберүүңүздү өтүнөбүз.

Резюменин электрондук версиясын  orgotdel22@inbox.ru  электрондук дарегине 2022-жылдын 24-октябрына чейин жөнөтүлүшү керек, ал эми кагаз түрүндөгү версиясын Бишкек шаары, Чүй пр., 122 дарегиндеги №304 кабинетке же Агенттиктин  аймактар ​​аралык башкармалыктарынын кеңсесине тапшырсаңыз болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн 62-04-12 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Урматтоо менен,

Агенттиктин аппаратынын ишин уюштуруучулук камсыздоо башкармалыгынын уюштуруу, талдоо иштери жана карьералык пландоо бөлүмү.