Уюштуруу маселелери жана иш кагаздарын алып баруучу жетектөөчү адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1.Кесиптик билимдин денгээли:
-тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим (табият таааааануу илимдери: биология, гуманитардык илимдер: юриспруденция, социалдык илимдер:социалдык иштер педагогикалык багыттар боюнча, экономика жана башкаруу:экономика)
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы талап кылынбайт.
3.Кесиптик компетенциялары:
төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө», Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын билүүсү зарыл.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү.
Сынакка катышууга төмөндөгү документтер талап кылынат:
—конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
-кадрлардын каттоо баракчасы;
-3х4өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
-паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)
-билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку
иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген
жеринен күбөлөндүрүшү керек);
-соттолбогондугу жөнүндө аныктама;
-өмүр баян;
-резюме
Документтери массалык-маалымат каражаттарына жарыяланган
күндөн тартып 10(он)календардык күндүн ичинде төмөндөгү даректе кабыл алынат:
Чолпон-Ата шаары Совет көчөсү 75, Чолпон-Ата шаардык кеңеши
Телефон (03943) 4-31-61 жана 0702605024