Долбоор

 

Шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда

үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын

өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
  3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
  4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
  5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жергиликтүү комиссия

5.2. Райондук комиссия, облустук маанидеги шаардын комиссиясы

5.3. Облустук комиссия, республикалык маанидеги шаардын комиссиясы

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

  1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын              24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

 

  1. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

2.1. Айыл аймагында, шаарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын, шаардын мэринин буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, мэриянын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык, шаардык жыйындарда  талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.

2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.

2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, шаардын мэриясы, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

 

  1. Үй-бүлөлүк салтанаттардыөткөрүүнүн тартиби

3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.

3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

 

  1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө мал союуга болбойт (тыюу салынат).

4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.

 

  1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, шаардын мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы, облустук комиссия жана республикалык маанидеги шаардын комиссиясы, райондук комиссия жана облустук маанидеги шаардын комиссиясы, жергиликтүү комиссия кирет.

Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.

 

5.1. Жергиликтүү комиссия

5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, райондук маанидеги шаардын мэриясында, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын  муниципалдык аймактык башкармалыгында, аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн, мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын, мэрдин буйругу менен бекитилет.

5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда  маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.

 

5.2.  Райондук комиссия, облустук маанидеги шаардын комиссиясы

5.2.1. Райондук комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрацияда, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча муниципалдык администрациясында (администрация), облустук маанидеги шаардын комиссиясы облустук маанидеги шаардын мэриясында түзүлөт. Анын курамына аким, администрациянын башчысы, шаардын мэри, акимчиликтин, администрациянын, мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, милициянын, маданият бөлүмүнүн, элге билим берүү бөлүмүнүн, кесиптик кошуундардын, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун кеңешинин, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын, ж.б. өкүлдөрү кирет. Райондук комиссия акимдин, администрациянын башчысынын, облустук маанидеги шаардын комиссиясы облустук маанидеги шаардын мэринин буйругу менен бекитилет.

5.2.2. Райондук комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт, комиссияда  маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн облустук комиссияга сунуш киргизет.

 

5.3.  Облустук комиссия, республикалык маанидеги шаардын комиссиясы

5.3.1. Облустук комиссия Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, республикалык маанидеги шаардын комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында түзүлөт. Анын курамына Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, алардын орун басарлары, аппараттарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, милициянын, маданият бөлүмүнүн, элге билим берүү бөлүмүнүн, кесиптик кошуундардын, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын райондук уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктардын, массалык маалымат каражаттарынын, ж.б. өкүлдөрү кирет. Облустук комиссия Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн,  республикалык маанидеги шаардын комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларынын мэринин буйругу менен бекитилет.

5.3.2. Облустук комиссия өзүнөн төмөнкү комиссиялардын ишин уюштурат жана координациялайт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча райондордо, шаарларда жана айыл аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштерди учетко алуунун, алар жөнүндө мезгилдүү жана шашылыш билдирүүлөрдү жана маалыматтарды берүүнүн тартибин иштеп чыгат, анын аткарылышын камсыз кылат, жобонун талаптарынын аткарылышына мезгилдүү мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, бул багыттагы иштер боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт, жобонун талаптарын одоно жана массалык бузуу болуп жаткан жерлерге барып, аларды жеринде чечүү боюнча оперативдүү чараларды көрөт, өзүнөн төмөнкү комиссиялардын ишине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн Мамлекеттик катчыга, Министрлер Кабинетине сунуш киргизет.

 

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Айыл аймагында, шаарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдын, шаардын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергилктүү өз алдынча башкаруу

иштери боюнча мамлекеттик агенттик