Шопоков шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
Мыйзамынын негизинде улук кызмат тобуна кадрлар резервине киргизүү
үчүн ачык сынак жарыялайт.
Муниципалдык административдик кызмат орундарынын
топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу
1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
• Кыргыз Республикасынын жараны;
• соттуулугу жок;
• 18 жаштан кем эмес.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат
орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: Улук административдик муниципалдык кызмат
орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо
тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Жер суроолор жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис (УБ) 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку кесиптик билим
– геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш,
топурак таануу, картография, агрономия, агрохимия жана топурак таануу, айыл
чарба, зоотехника, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык
башкаруу, менеджмент багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1
жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси”;
2) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси
3) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик
жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу
(трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө
мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана
жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны
талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык
продуктыларга ээ болуу;
2024-жылдын 26-ноябрынан 2024-жылдын 9-декабрына саат 8-30
дан 17-30 га чейин. Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин
көчөсү №21, Шопоков шаарынын мэриясынын дарегине кайрылыңыз,
телефон: (0-3134) 5-81-81
Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн
конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат, байланыш телефондорун
көрсөтүшүңүз керек. Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.