Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү
кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн кенже муниципалдык кызмат орундарына
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына
администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.
Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы
квалификациялык талаптар:
— Кыргыз Республикасынын жараны;
— соттуулугу жок;
— 18 жашка толгон.
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
(К-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажысына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө » Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
— жеке арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
— документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди 2024-жылдын 08-октябрынан 21-октябрына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314.