Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтү
кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн кенже муниципалдык кызмат орундарына
Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына
администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар
Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин №189 токтому, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.
Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы
квалификациялык талаптар:
— Кыргыз Республикасынын жараны;
— соттуулугу жок;
— 18 жашка толгон.
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктыларды билүү.
Айыл өкмөтүнүн материалдык жоопкерчилик боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар К-А (1-бирд.)
- кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим же орто кесиптик билим (бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент).
- иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажысына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенциялары:
— Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө».
- билгичтиги:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
- көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
— жеке арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
— документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди 2024—жылдын 3-декабрынан 17-декабрына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707035-314.