Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн улук жана кенже муниципалдык кызмат орундарына.

Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат орундарына администрациялык ведомствого квалификациялык талаптар:

Кыргыз Республикасынын Министринин Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелинин
№189 токтому, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык бекитилген.

Администрациялык муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: – Кыргыз Республикасынын жараны;
– соттуулугу жок;
– 18 жашка толгон.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктыларды билүү.

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктыларды билүү.

Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис боюнча кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар У-Б (1-бирд.)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, социалдык, психология, педагогикалык, гуманитардык, юридикалык жогорку билим .
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
– Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Айыл өкмөтүнүн материалдык жоопкерчилик боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар К-А (1-бирд.)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим же орто кесиптик билим (бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажысына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенциялары:
– Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Айыл өкмөтүнү чыгаша боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар К-Б (1-бирд.)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку же атайын орто кесиптик билим (бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент.).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажысына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенциялары:
– Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”.
• билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
– жеке арыз;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
– документтердин көчүрмөлөрү жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу (бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди 2025-жылдын 18-мартынан 1-апрелына чейин Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү 29 дареги боюнча, конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Тел.03132-42-5-83; 0707-035-314.