Улук кызмат (социалдык коргоо жана социалдык маданият маселелер)  административдик муниципалдык кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим (социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

а) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” токтомун.

б) ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Балдар Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Мамлекетик жөлөк пулдар жөнүндө”, ”Социалдык кызматкер жөнүндө” мыйзамдарын, ”Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө”, ”Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды чектөө жөнүндө” жоболору.

Кенже кызмат (жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис)  административдик муниципалдык кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим  (айыл чарбасы, геодезия жана жерге жайгаштыруу багыттары).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

а) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

б) ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансфармациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Айыл чарба жерлерин башкаруу”, “Жайыттар жөнүндө”, “Архитектура жана шаар куруу жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосу.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде Бостери айыл өкмөтү, Бостери айылы, Мамытов көчөсү №93 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3943) 61203 жана bosteri aiyl Okmotu Facebook баракчасынан  маалыматты алсаңыздар болот.