Электрондук кайрылуу

Электрондук кайрылууларды кабыл алуу жана кароо тартиби

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук кайрылууларды кабыл алуу жана кароо тартиби менен жакындан таанышып алууңуздарды суранабыз

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин  расмий сайты жарандардын электрондук түрдө кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу каражат болуп саналат.

  1. Жарандардын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайты аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылуулары, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №6 » Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык каралат жана келип түшкөн күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш.