Агенттикте Ханнс Зайдель Фондунун штаб-квартирасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Вероника Айхингер айым менен жолугушуу болуп өттү
Агенттиктин директорунун орун басары М.Т. Саргазаков Ханнс Зайдель Фондунун штаб-квартирасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Вероника Айхингер айымдын сыпайычылык сапарынын алкагында жолугушту.
Директордун орун басары жогорку даражалуу мейманды жылуу тосуп алып, аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. М.Т. Саргазаков Ханнс Зайдель фондунун Кыргызстандагы жогорку ишмердүүлүгү, өлкөбүздөгү оң имиджге ээ болгондугу тууралуу кабардар экенин белгиледи.
Ошондой эле Ханнс Зайдель Фонду ар кандай тармактарда, тактап айтканда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жаатында ишенимдүү жана компетенттүү өнөктөш катары бекем кадыр-баркка ээ экендигин айтып өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын 2024-2026-жылдарга карата квалификациясын жогорулатуу планынын багыты боюнча пикир алмашуу болду.
Агенттик 2002-жылдан бери Ханнс Зайдель Фонду менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу чөйрөсүндө кызматташып келет.
Бүгүнкү күндө 2470 адам Ханнс Зайдель Фондунун 12-24 айлык магистрдик программаларын жана 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курстарын бүтүргөн.