Агенттикте JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясынын отуруму өттү
Агенттикте JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясынын кезектеги отуруму болду.
Жыйында Япониянын JDS долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларды 2025-26-жылдарга магистратура жана доктарантурада окутуу каралды.
Ошондой эле, окутууларга квоталарды көбөйтүү менен Япониянын алдыңкы 10 жогорку окуу жайларыда ишке ашырууну карап көрүү маселелери талкууланды.
JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясы Япониянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу элчиси, JDS долбоорунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, КР Президентинин Администрациясынын кызматкерлери, Агенттиктин жетекчилиги менен кызматкерлери ж.б. мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турат.