Агенттиктик тарабынан мектептеги ыссык тамакты убагында уюштуруу боюнча Ош облусунда аймактык деңгээлде жолугушуу уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасындагы Мерсико уюмунун ортосундагы “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу үчүн эл аралык МакГоверн-Доул азык-түлүк программасын ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө» эки тараптуу меморандумдун алкагында жолугушуу уюштурулду.
Иш чарага, Агентиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Э.Т.Окенов жана КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район акимдери, айыл өкмөт башчылары, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү, шаардык жана райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматтарынын, билим берүү бөлүмдөрүнүн жана мектеп жетекчилери катышты.
Жолугушуунун негизги максаты программанын үчүнчү когортасына кирген 197 мектепте ысык тамакты өз убагында уюштуруу үчүн мектеп ашканасын оңдоо боюнча чечимдерди чогу кабыл алуу болуп саналат.
Белгилей кетсек 2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасындагы Мерсико уюмунун ортосунда “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу үчүн эл аралык МакГоверн-Доул азык-түлүк программасын ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө» эки тараптуу меморандумга кол коюлган.