Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин жетекчилиги астында Агенттик тарабынан жарым жылдыкта жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны болууда. Агенттиктин алдына негизги 4 милдет коюлган, алар: -Мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өнүктүрүү; -Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу; -Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү жана оптимлдаштыруу; -Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу-укуктук жана финансы- экономикалык негиздерин бекемдөөгө көмөктөшүү болуп эсептелинет. Жогорудагылардан тышкары: Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана иш планын ишке ашыруу; Статистикалык маалыматтарды түзүү; Кадрлар резервин түзүү; Кадрлардын резервине талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү; Санариптик технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү; Мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана ЖӨБ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү; Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө; Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу; Эл аралык байланыштар. https://web.telegram.org/stream/%7B%22dcId%22%3A2%2C%22location%22%3A%7B%22_%22%3A%22inputDocumentFileLocation%22%2C%22id%22%3A%225404540876804332438%22%2C%22access_hash%22%3A%222043109231795731041%22%2C%22file_reference%22%3A%5B1%2C0%2C0%2C13%2C232%2C98%2C225%2C15%2C150%2C215%2C12%2C124%2C218%2C88%2C244%2C252%2C102%2C191%2C88%2C86%2C248%2C119%2C120%2C236%2C213%5D%7D%2C%22size%22%3A200487745%2C%22mimeType%22%3A%22video%2Fmp4%22%2C%22fileName%22%3A%22%D0%BE%D1%82%D1%87%D0%B5%D1%82%20%D0%AD.%D0%9D%20%D0%94%D0%B6%D0%B0%D0%BD%D1%82%D0%B0%D0%B5%D0%B2_Trim.mp4%22%7D Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жарым жылдык жасалган иштери тууралуу Агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин отчету Цифровая местная власть