Бүгүн, 18-июлда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Өзбекстандын мамлекеттик кызматын өнүктүрүү агенттиги менен кызматташуу протоколуна кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Өзбек тараптан документке Тышкы иштер министри Бахтиер Саидов виза койду.
Кол коюу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 18-19-июлда Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.
Кол коюлган документке ылайык, эки өлкөнүн агенттиктери мамлекеттик кызматкерлерди окутуу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, мамлекеттик кызматкерлер үчүн кесиптик талаптарды белгилөө маселелери боюнча кызматташууга ниеттенүүдө.
Ошондой эле өз ара аракеттенүү чөйрөсүнө кадрларды башкаруу үчүн маалыматтык системаларды жана технологияларды түзүү, жайылтуу жана иштетүү боюнча маселелер кирди. Эки агенттик мамлекеттик органдарда кызмат өтөө тажрыйбасы жана мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун баалоо тажрыйбалары менен бөлүшүүнү макулдашты.