Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев салт болуп калган коомдук кабыл алуусун улантууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча иштери боюнча агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында регламентинде бекитилген иш-күнүнө тоскоолдук кылбай саат 7:00 дон 9:00 го чейин коомдук кабыл алуусун жүргүздү. Кабыл алуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекетинин кадрдык саясатынын ишин алып баруусу менен бирдикте өсүп-өнүгүшү боюнча бир топ сунуштар каралып төмөнкү жарандардын көйгөйлүү маселелери угулду. Жетекчинин бүгүнкү коомдук кабыл алуусунда: 1) Баетов Батыркул Исаевич Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору экономика илимдеринин доктору; 2) Жумашев Муртаза жамааттардын өкүлү; 3) Жумабаев Камил Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун башкы адиси; 4) Экономика илимдеринин доктору Сарыбаев Эдил, Нурбеков Садыр Нарматович КР Жогорку Кеңештин кызматкери; 5) Джусупова Мекин “Медицина кызматкерлеринин отличниги» төш белгисинин ээси, 56 жыл республикалык онкология бейтапканасында иштеген – пенсионер; 6) Касыгулова Насипа Бектуровна айыл өкмөттө бухгалтер; 7) Саматов Сайдылда Мажитович ишти коргоонун өкүлү; 8) Эралиев Анаш Доолоталиевич жаштар театрынын юристи; 9) Ибраев Маркил Ибраевич ардактуу пенсионер; 10) Жакшылык Асанов Кыргыз эл жазуучусу; 11) Тиллебаев Өмүрбек журналист. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев БУУ түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү Ачык эшиктер