Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттикте KOICA өкүлчүлүгүнүн, Good Neighbors Эл аралык жана Кыргыз Республикасындагы «Менин айылым» долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Агенттиктин директору К.Базарбаевдин KOICA өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Джи Юнгын мырза жана Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун аймактык директору Чо Сунхен мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Агенттиктин директору өкүлдөрдү жылуу кабыл алып, Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүүдөгү, айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жана жергиликтүү коомчулуктун киреше потенциалын чыңдоого багытталган бир катар жергиликтүү долбоорлорду ишке ашыруудагы жемиштүү ишмердүүлүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар «Менин айылым» долбоорунун мониторингинин жыйынтыгын талкуулашты. Аталган долбоордун «Semaul Undong» биздин «Ашар» ыкмасы менен үндөшүп, айыл тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу, жергиликтүү жамааттардын жана айылдардын катышуусуна негизделген иш аракет.  Аталган тажрыйбаны өнүктүрүү андан ары жайылтуу үчүн бир катар пилоттук үлгүлүү айылдар түзүлгөн.

Ошондой эле баарлашуу учурунда директор К.Базарбаев 2018-2022-жылдар аралыгында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө айыл тургундарынын жашоо сапатында оң өзгөрүүлөр байкалганын белгиледи. Корея Республикасынын колдоосу менен республиканын Ош (15), Баткен (12) жана Чүй (3) облустарынын 30 айылында 4 жылдын ичинде долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объектилерди оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн айыл жеринде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну чыңдоодо, өз алдынча жардам көрсөтүү жана кызматташуу принциптерине негизделген.

Өз кезегинде KOICA кеңсесинин жана Good Neighbors Интернешнл уюмунун өкүлдөрү айрым пилоттук айылдарда ишке ашырылып жаткан долбоордун мониторингинин жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар жергиликтүү коомчулукту эффективдүү өнүктүрүүдө узак мөөнөттүү кызматташуу жана тажрыйба алмашуу гана эмес, долбоордун башка айылдарда дагы масштабдуу деңгээлде уланышына урмат-сый жана ишеним билдиришти.