2024-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервин түзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, райондук маанидеги мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди муниципалдык кадрлар резервине киргизүүгө конкурсу Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Медер Алышбаевдин төрагалыгы алдында болуп өттү.
Конкурска жалпысынан 26 адам катышып, тестирлөө этабынан 4 конкурсант ийгиликтүү өтө алышкан. 1 конкурсант райондук маанидеги шаардын мэринин, анын орун басары жана айыл өкмөт башчынын кызмат ордуна, 3 конкурсант айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн резервге киргизүүгө конкурска катышты.