АГЕНТТИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН САНАРИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ ТЕКШЕРИЛДИ Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин санариптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүлдү. Тесттин алкагында кызматкерлердин санариптик технологияларды, электрондук системаларды жана заманбап инструменттерди иш процессинде колдонуу боюнча билими жана көндүмдөрү бааланды. Иш-чаранын максаты — кызматкерлердин санариптик даярдыгын жогорулатуу жана мамлекеттик башкарууда санариптик технологияларды натыйжалуу колдонууга шарт түзүү. Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик муниципалдык кенже кызмат орундарынын резервине сынак жарыяланат. Эльчибек Джантаевдин демилгеси менен Сүлүктүдөгү улгайган жарандарга колдоо көрсөтүлдү