АГЕНТТИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ «КЫРГЫЗТЕСТ» СИСТЕМАСЫНАН ӨТҮҮГӨ ДАЯРДЫК КӨРҮШТҮ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу «Кыргызтест» системасынан өтүүгө даярдык көрүштү.
Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана мамлекеттик тилди Агенттиктин ишмердүүлүгүндө толук кандуу колдонуу максатында өткөрүлдү.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 «2026–2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна жана Агенттиктин 2026-жылдын 6-августундагы № 01-23/220 буйругуна ылайык уюштурулду.
Окуунун жүрүшүндө «Кыргызтест» системасынан өтүүнүн тартиби түшүндүрүлүп, тесттин субтесттери боюнча практикалык тапшырмалар аткарылды. Ошондой эле кыргыз тилинин грамматикалык эрежелери жана стилистикалык өзгөчөлүктөрү боюнча маалыматтар берилди.
Окууну Мамлекеттик тил жана маданият институтунун адистери өткөрүштү.
Иш-чара Агенттиктин мамлекеттик тил боюнча адиси Таалайбек кызы Бактыгүл тарабынан уюштурулду.
Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди иш кагаздарын жүргүзүүдө жана күнүмдүк кызматтык ишмердүүлүктө кеңири колдонууга, ошондой эле кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган.
wpChatIcon