Агенттик » Жамааттын ынтымагы- өнүгүүгө өбөлгө» аталышындагы жалпы республикалык семинар өткөрүүдө
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү тажрыйба алмашуу боюнча Семинар-кеңешмеси болууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы мамлекеттик сынагынын жыйынтыгы боюнча уюштурулду.
Кош-Дөбө айыл өкмөтү аталган сынактын биринчи топтун арасынан жеңүүчү болуп тандалып алынган.
Ошондой эле, семинар-кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты А.Н. Абдибаева, КР Президентинин жети облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-акимдердин орун басарлары, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле агенттиктин кызматкерлери катышат. Жалпы республикалык семинар-кеңешмеге баардык облустардан 200 дөн ашык киши келип катышууда.
Бул республикалык семинар-кеңешме айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык-экономикалык абалын көтөрүү, инвестицияларды тартуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында мыкты тажрыйбаны жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
Кудайберген Базарбаевдин сүйлөгөн сөзүнөн:
“2022-жылы жарыяланган сынактын жыйынтыгы менен мыкты айыл өкмөтү аныкталып, анын бири Кош-Дөбө болду. Алдынкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча мындай семинарлар агенттиктин айылдык жамааттардын лидерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча ишинин бир бөлүгү болуп калды.
Алдынкы тажрыйбаны жайылтуу калктын жашоо шартын, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртып, башка айылдардын инфраструктурасын чыңдайт», — деди ал.
Аны менен бирге эле, КР Президенти тарабынан демилгеленген административдик-аймактык реформанын алкагында 231 айыл өкмөтү жана 33 шаар түзүлгөнүн билдирди.