Агенттик “Жашыл экономика жана жеке секторду өнүктүрүү» программасынын жетекчиси менен төрт тараптуу кызматташтык боюнча катка кол коюшту

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жашыл экономика жана жеке секторду өнүктүрүү» программасынын жетекчиси Ханна Сабасс айым менен төрт тараптуу кызматташуу боюнча катка кол коюшту.
Бул программанын алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жашыл экономика жана туруктуу өнүктүрүү боюнча заманбап билимдерди окутуу үчүн системалуу мамилени түзүүгө жана жайылтууга багытталган иш-чаралардын комплексин өткөрүү пландаштырылууда.
Жолугушууда Максатбек Саргазаков кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Агенттик узак мөөнөттүү кызматташууга жана Кыргызстандын өнүгүшүү үчүн жаңы идеяларга ачыктыгын белгиледи.