Агенттик Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата Нарын облусунун аймагындагымамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында спорттук иш чара уюштурду

Мелдештин максаты жана милдети

— мамлекеттик маанидеги даталуу күндөрдү белгилөө;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дене тарбия жана спорттук машыгууларга тартуу;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө;

— ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоого үндөө;

— спорттук оюндарды кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

2024-жылдын 21-июнь күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана 23-июнь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата шахмат, теннис жана волейбол боюнча облустук мелдештер болуп өттү.

Мелдештердин жеңүүчүлөрү жана мыкты оюнчулары Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Кубок, медаль, дипломдору, Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.