Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды Кытайга кыска мөөнөттүү окууга узатышты
Агенттиктин директору К. Базарбаевдин эл аралык кызматташтык боюнча иш алып баруусунун натыйжасында Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын кызматкерлерин кыска мөөнөттүү окуудан өткөрүү боюнча квотасын он эсеге көбөйткөн болчу. Натыйжада өлкөнүн баардык аймактарындагы кызматчылар Кытай Эл Республикасына кыска мөөнөттүү ар кыл тармак боюнча окуудан өтүшүп, тажырыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.
Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кезектеги тобу узатылды. Ошондой эле, окууга бара жатышкан кызматчылардын тобу менен Агенттиктин директорунун орун басары Максат Саргазаков жолугушуп, узаттуу сөзүн сүйлөп, ийгилик каалады.
Андан сырткары, четте өздөрүн кандай алып жүрүүлөрү керектиги тууралуу түшүнүк ала алышты. Иш чарага Агенттиктин эл аралык кызматташтык жана окутуу бөлүмүнүн башчысы Д. Суюнов жана окууга кетип жаткан кызматчылар катышты.