Агенттиктин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмү тарабынан иштелип чыккан эки мыйзам долбоору:

—  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө”

— “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында 3-окууда каралып, колдоого алынды.