Ала-Бука районунун Айры-Там айыл өкмөтү мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципиалдык кызматтын башкы, улук административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ: Административдик кызматтардын башкы жана улук топтору үчүн: –кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word. Excel. Санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы). Башкы кызмат орду (1 штаттык бирдик) административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет. 1)Кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. Улук кызмат орду (4 штаттык бирдик) административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет. 1)Кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура курулуш, Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Энергетика тармактарында. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди талап кылынат: -өзүнүн арызы; -резюме (электрондук почтасны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөттүү менен); -нотариустан акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билими (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; -нотариустан акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); -илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; -паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн жогоруда көсөтүлгөн документтерди төмөнкүдөй дарекке тапшырасыздар.Жалал-Абад облусу Ала-Бука району Айры-Там айыл Өкмөтү Айры-Там айылы С.Жунусов көч. №37 Байланыш номери 0770 345888, 0771112040 Толук маалыматты Айры-Там айыл Өкмөтүнөн алса болот. Сынак өткөрүү күнү кошумча айтылат. Эскертүү -Жарыя сайтка чыккан күндөн 10 жумушчу күн ичинде документтер кабыл алынат. -Квалификациялык талапка жооп бербеген талапкерлер конкурска катыша албайт. Жазуулар боюнча багыттоо Токтогул райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы