Айтматов райондук ветеринардык башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук, кенже административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык  кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: Административдик  мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Жарандын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик  мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
  • Компьютер жана мобилдик түзүлүштүр менен, компьютерде жана социалдык тармактарда, огртехника менен иштей билүүсү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүүсү.

 

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын

улук топтору үчүн (У-Б);

1.Кесиптик билим  деңгээли:

ветеринария багыты боюнча “айыл чарба” жаатындагы жогорку кесиптик билим.

 

2.Иш стажы жана  тажырыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3.Кесиптик компетенциялар:

 Билими:

— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

 

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”№108 токтому;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” Жобо.

 

Жөндөмдүүлүк:

— Ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— Коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

 

Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда, болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка агртехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн (М-А), (М-Б);

 1.Кесиптик билим  деңгээли:

ветеринария багыты боюнча “айыл чарба” жаатындагы жогорку кесиптик билим.

 

2.Эмгек стажы жана иш тажырыйбасы:

иш стажына талаптар коюлбайт.

 

3.Кесиптик компетенциялар:

Билим:

— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” Жобо.

 

Жөндөмдүүлүк:

— өз ишин түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

 

Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка агртехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

 

                                         Кенже административдик кызматына — (К-А);

1.Кесиптик билим  деңгээли:

эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, табигый илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык илимдер, техносфералык коопсуздук, жаратылыш жайгашуусу жана годрометеорология боюнча жогорку кесиптик билим.

 

2.Иш стажы жана  тажырыйбасы:

иш стажына талаптар коюлбайт.

 

3.Кесиптик компетенциялар:

Билим:

— “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ №24 Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндөжобону бекитүү тууралуу” ПЖ №25 Жарлыгы;

 

 

Жөндөмдүүлүк:

— Коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

 

Көндүмдөр:

               -ишкердик жазуу көндүмдөрү;

-белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

-компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • жеке арызы;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт)
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • өмүр баяны; (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалытты көрсөтүү менен)
  • Соттуулугу тууралуу маалымат;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 8-30дан 17-30га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Талас облусу, Айтматов району Восточная промзона көчөсү.

Сурап билүү телефон 0553425353

 

Эскертуу: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.