Айтматов районунун Кара-Буура айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде    кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Айтматов  районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине сынак  төмөнкүдөй өткөрүлөт:

-Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын,    кенже тобу (юрист-жетектөөчү адис) ээлөөгө;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек;

Кыргыз Республикасынын Жараны болууга;18 жаштан жаш болбоого;

  • Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу  (М-А) (Юрист-жетектөөчү адис)

  • кесиптик билимдин деңгээли:
  • Юридикалык багыттагы жогорку же орто кесиптик билим билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө иш стажы талап кылынбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

КР Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

КР “Жайыттар жөнүндө”  мыйзам;

  • билгичтиги:

Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

Мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-Өзүнүн арызы;

-Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок

экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча

билимин (бар болсо) ырастаган документтердин  көчүрмөлөрү;

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн  эмгек китепчесинин

көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин  көчүрмөлөрү;

-Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды          тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан

күндөн  баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9.00 дан 17.30 га чейин  тапшыруу керек.

 

Дареги: Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы, Н.Кожомуратов көч №18 Кара- Буура      айыл өкмөтүнүн имараты, тел: 0552 01 94 48