Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – Академия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерин 2026-жылга мамлекеттик заказдын негизинде окутууну ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 841-т тескемеси менен бекитилген мамлекеттик заказга ылайык, төмөнкү темалар боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү/илимий-изилдөө иштерин (мындан ары – ИПИ–ИИИ) жүргүзүү үчүн Консалтинг компанияларынын (Изилдөө борборлорунун) жана/же Эксперттик топтордун арасында конкурс жарыялайт:

Эксперттик топтордун арасында конкурс жарыялайт:

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын ишинде санариптик технологияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору;
  2. Мамлекеттик заказдын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну пландаштыруунун жана бюджеттөө методологиясын иштеп чыгуу;
  3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун заманбап системасын түзүү: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү менен интеграциялоо;
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында социалдык кепилдиктер жана дем берүү системасын түзүү жана ишке киргизүү;
  5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруунун натыйжалуулугун аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын деңгээлинде жогорулатуу: көйгөйлөр жана чечүү жолдору
  6. Социалдык кызматтарды борбордон ажыратуу, жеткиликтүүлүктү, даректүүлүктү жана сапатты оптималдаштыруунун фактору катары: реалдуу абалы, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги

Ар бир ИПИ–ИИИ тематикасы боюнча талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарды камтыган Техникалык тапшырмалар Академиянын расмий сайтында жайгаштырылган (www.apap.kg).

Конкурска катышууга кызыккандардар болгон Консалтинг компаниялары (Изилдөө борборлору) жана/же Эксперттик топтор ИПИ–ИИИ темасын көрсөтүү менен төмөнкү документтерди камтыган арыздарын жөнөтүшү зарыл:

  1. ИПИ–ИИИ темасын жана тандалган теманын негиздемесин көрсөтүү менен коштомо кат;
  2. Компаниянын профайлы (тартылган эксперттердин резюмелерин кошо) / топтун жетекчисин көрсөтүү менен эксперттердин резюмелери;
  3. Техникалык тапшырмага ылайык ИПИ–ИИИ ишке ашыруу планы;
  4. Мурда аткарылган ИПИ–ИИИ иштерин киргизүү актылары;
  5. Ар бир эксперт үчүн финансылык сунуш / күтүлгөн эмгек акы;
  6. Сунуш каттар.

Конкурска катышуу үчүн арыздар “ИПИ–ИИИ конкурсуна (темасын көрсөтүү менен)” деген белги менен info@apap.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү – 2026-жылдын 6-марты, саат 18:00гө чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Конкурс боюнча бардык суроолор менен Академиянын Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү изилдөөлөрү бөлүмүнө төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0554 147751, Шамкеев Б.А.