Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» №125 Мыйзамынын                10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                     2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» №24 Жарлыгынын негизинде, Аксы районунун мамлекеттик администрациясы улук жана башкы кызмат орундарынын  кадрлар резервине

ачык конкурс жарыялайт!

Административдик улук жана  башкы  кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн стажына жана иш тажрыйбасына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет;

 

  1. Улук кызматтын кадрлар резерви– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык,  Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

 

  1. Башкы кызматтын кадрлар резерви– жалпысынан 3 жылдан кем

эмес   мамлекеттик жана/же        муниципалдык      кызматтагы жыйынды иш  стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик билимдин деӊгээли;

жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык,  Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

 

    Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

  • 1 )Улук топтогу кызмат орундары үчүн:

    Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”;
  • “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары.

 

  • 2)Башкы топтогу кызмат орундары үчүн:
  • Жалпы мыйзамдар:

 Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,

Юриспруденция,  Финансылык экономикалык, Айыл чарба,  Гуманитардык,

Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында.

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын;

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Министрлер кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;

–    Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу  жөнүндө» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”
  • “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо

жана  практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

InfoDoks СЭД тутумунда иштөөсү;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

жана расмий тилдерди билүүсү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

кураторлук кылуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

кыйын кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн

жоопкерчилик тартуу.

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү;

           Сынакка катышуу үчүн документтер:

-кадрлар резервине кирүү үчүн жеке арыз  (контакттык телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, 4 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү менен;

-резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгондугу жана соттолбогондугу жөнүндө маалымат);

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт),

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыя  чыккан күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат;

          Кербен шаары, Ныязалы көчөсү №235, Аксы районунун  мамлекеттик администрациясы, А. Стамбеков  тел.: 0 3742 5 0016 , 0222 830084.