Ак-Сай айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук жана кенже

административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алуу

боюнча КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ!

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына

квалификациялык талаптар:

(Жооптуу катчы-орун басар үчүн)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция,

Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый

илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат

стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Кыргыз Республикасынын Министрлеринин Кабинети Жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы;

— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

— «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын

жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

“Жайыттар жөнүндө”;

“Билим берүү жөнүндө”;

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдары;

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана

муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;

“Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын

мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар

резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык

кызматчыларынын этикасынын кодекси;

— Билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп

чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо,

мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн

жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз

убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн

мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

— Көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда

тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын

жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген

кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо,

кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно

билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,

кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында

сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды

колдоно билүү.

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына

квалификациялык талаптар:

(Бөлүм башчысы, башкы адистер үчүн)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция,

Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый

илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

Финансы экономика бөлүмүнүн башчысына, башкы адис бухгалтер кассирге

– жогорку билим (Финансылык экономикалык багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат

стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы;

— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

— «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын

жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар

жөнүндө”;

— Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат

орундарына квалификациялык талаптар:

(жетектөөчү адис, адистер үчүн)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— орто кесиптик билим же жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык

башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба,

Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика

тармактарында)

Финансы экономика бөлүмүнүн бухгалтер-кассир адистиктерине – жогорку

билим же орто кесиптик билим (Финансылык экономикалык багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын

жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана

альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы

№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын

жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

— Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны

практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү.

Керектелүүчү документтер: Диплом, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, (нотариустан

тастыкталган), паспорттун көчүрмөсү, 3х4 сүрөт (4 даана), өздүк карточка, конкурска

катышуу үчүн комиссиянын төрагасына арыз.

Талап кылынган документтерди гезитке жарыя чыккан күндөн тартып 10 күн ичинде

төмөнкү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот. Байланыш үчүн 0700496492 Ак-Сай айыл

аймагынын айыл өкмөтү Ак-Сай айылы К.Марданаев көчөсү №7.