Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн:
1)Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы;
2)“Кыргыз  Республикасынын  Министрлер  Кабинети  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Конституциялык  Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын  Эмгек  Кодекси;
4)“Жарандардын  кайрылууларын  кароо  тартиби  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;
5)“Мамлекеттик  жарандык  кызмат  жана  муниципалдык  кызмат  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
6)“Кыргыз  Республикасынын  ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын  кагылышуусу  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамы;
8)“Маалымат  алуу  укугу  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы;
9)“Коррупцияга  каршы  аракеттенүү  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020-жылдын  3-мартындагы  № 120 токтому  менен  бекитилген “Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын жүргүзүү  боюнча  Типтүү  нускамасы”.

11)“Электрондук  башкаруу  жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы.

Административдик кызматтардын улук  топтору  үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама»;
  7. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.

 

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
1) Кызматтык  милдеттерди  аткаруу  үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2) Компьютердик  сабаттуулук  жана зарыл болгон программалык продуктуларды (Word, Excel) колдоно  билүү, анын  ичинде  төмөнкү  билгичтик:
—презентацияларды уюштуруу;
—издөө  системаларын  колдонуу;
— кызматтык  этиканын  ченемдерин  эске  алуу  менен социалдык тармактарда  туура  өз ара  аракеттенүү;
— веб-конференц-байланышты  уюштуруунун  тиркемелерин  колдонуу;
— компьютер  менен иштөөдө маалыматтык  коопсуздуктун  гигиенасын сактоо.

Мамлекеттик жарандык кызматтын башкы тобу үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

 (Б-Б)

Айыл чарба, экономика  тармагы багыты боюнча

Кесиптик билимдин деңгээли:

Тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, айыл чарбасы, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, материал таануу, металлургия жана машина куруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, энергетика жана электроэнергетика, транспорттук техника жана технология, химиялык технология жана биотехнология.

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, КР «Кен байлыктар жөнүндө»,   «Ветеринария жөнүндө», “Жайыттар жөнүндө”,  КР “Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

Социалдык тармак боюнча коюлуучу квалификациялык талаптар

 (Б-Б):

Тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство, табият таануу илимдери.

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси, «Гендердик саясат жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө»,  «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» Мыйзамдарын  тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук  тобу үчүн:

Кесиптик билимдин деңгээли:

– тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык илимдер, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, материал таануу, металлургия жана машина куруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, энергетика жана электроэнергетика, транспорттук техника жана технология, химиялык технология жана биотехнология, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, физика-математикалык илимдери жана фундаменталдык информатика.

–  жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенциялары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды:

– КР Жер кодекси,  Этика Кодекси,  КР «Кен байлыктар жөнүндө»,   КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”,  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», “Жайыттар жөнүндө”, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”  Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
—Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына  жазылган жеке арыз;
—кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөтү менен;
— форма боюнча сүрөтү менен резюме (электрондук почтасы жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
—негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасы документтерди тапшырууда көрсөтүлөт);
— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин  көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди  тапшыруу  мөөнөтү:  2025-жылдын   5-ноябрынан         20-ноябрына  саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Ак-Суу айылы, Ленин көчөсү, 154, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имараты,  1,2-кабинет
Кошумча маалымат үчүн  байланыш телефону: 0700-900-918, 0707-511-935.

 

 

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.