АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

-Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык, табигый жана техникалык багыттары боюнча;

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык, табигый жана техникалык багыттары боюнча;

— иш стажы талап кылынбайт.

 

Улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрели №189 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө токтому

 

 

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

  • «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

Кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесстик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн:

 

  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндөгү жобосу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 Токтому.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама);
  • негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтерин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)

 

Конкурс жарыялангандан тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер «делого» тиркелип, Баетов айылы, Т.Жолдубаев көчөсү №32, Ак-Талаа райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.