Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
  • дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
  • Дело (документтер үчүн)

 

Документтер 2023-жылдын 18-декабрь күнү саат 18-00го чейин, Нарын шаарынын Коммунальная 7 көчөсүндөгү Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат.  Тел.: 5-49-68, 0709 090966.

Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.

Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.

 

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар

 

  1. Жалпы жоболор

 

1.1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар (мындан ары – Квалификациялык талаптар) “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты;

1.2. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы (мындан ары — Башкармалык) функциялар же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүргүзүлөт;

1.3. Кошумча Квалификациялык талаптар Башкармалыктын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды катмыйт;

1.4. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.

 

  1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адис — бухгалтерине (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

3.1.  Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адис – бухгалтерине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

— финансы же экономика тармагындагы жогорку билим (финансы жана кредит, бухгалтердик учет, анализ жана аудит адистиги боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

            Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;

Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”  мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун, 2008-жылдын 26-августундагы “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” № 471 токтомун, 2008-жылдын 15-январындагы “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” № 7 токтомун, 2018-жылдын 23-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын алдынкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 554 токтомун, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча” Жобону жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

  1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адисине (К-А) коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси (кадр) мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын К-А тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

5.1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу, юрист).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажысына талаптар коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” № 706 токтомун жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;            — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;    компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

  1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адисине коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б)

 

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын К-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

6.1. Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

            Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;               — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;    компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

  1. Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адисине (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн начальнигине түздөн-түз баш ийет.

3.1.  Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

            Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”,

Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун, жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;            — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык       продуктыларды колдоно билүү.