Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин денгээли:
-тиешелүү багыттагы жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетитка тармактарында)
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптеги чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы ;
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кызыкчалыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 03-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын ”Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;
— “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу.
Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо; болжолдоо; жалпылоо; мониторинг жүргүзүү;контролдоо жана аларды чечүүдө жаны ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү;мамлекеттик органдын жетекчилигин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаны формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кенешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү; мамлекеттик жана расмий тилдерди иштиктүү кат алышуу компьютердик жана уюштуруу техникасын зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билиминин денгээли :
— жогорку билим (Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Айыл чарба Ветеринардык, Гуманитардык, Педагогикалык,Техникалык айыл чарба багыттары боюнча)
- Иш стажы жана тажрыйбасы :
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кесиптик компетенттүүлүгү : — төмөнкүлөрдү билүүсү :
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 03-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын ”Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы.
Билгичтиги:
— жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Көндүмдөрү:
-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орунуна коюулуучу квалификациялык талаптар :
- Кесиптик билиминин денгээли :
— жогорку билим же орто кесиптик билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча
- Иш стажы жана тажрыйбасы :
— Иш стажына талап коюлбайт
- Кесиптик компетенттүүлүгү :
— төмөнкүлөрдү билүүсү :
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикаксынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”
Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Көндүмдөрү :
-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүүсү.
Конкурстук документтер:
- Конкурстук комиссиянын төрагасына арыз
- Резюмеси (эл. почтасы, сүрөтү менен)
- Өмүр баяны
- Соттуулугу бар же жок деген справка
- Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт)
- Нотариустан же иштеген жеринен тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү
- Нотариустан же иштеген жеринен тастыкталган дипломдун көчүрмөсү
Конкурстук документтер жарыяга чыккан (жарыя берилген) күндөн баштап 10 күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн конторасында кабыл алынат.
2025-жылдын 16-июнунан – 27-июнуна чейинки аралыкта.
Дареги: Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылы, Т.Садыков көчөсү № 57
Маалымат үчүн тел. ном: 0771 89 05 88
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.