Кыргыз Республикасынын Президентининин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна” ылайык, административдик кызмат орундарынын  улук жана кенже кызмат орундарына киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. Жогорку билимдүү;
    2. Жалпысынан Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы жана тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  2. персоналдык компьютерде иштей билүүсү.

 

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому; “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”;
    3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
    4. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”;
    5. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
    6. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары:

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;
3. .Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.

Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
1.Жогорку билимдүү;
2.Иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. персоналдык компьютерде иштей билүүсү.

 

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.
    3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы,

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
2. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”.
3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— конкурстук комиссиясынын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен);
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (өмүр баян) өз колу менен жазылган, соттуулугу бар жана жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспортунун көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн жогорудагы документтерди жарыя берилген сайттын же гезиттин чыгарылган күнүнөн баштап 10 календарлык күн ичинде төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Алай району Гүлчө айылы, Алымбек Датка көчөсү-110, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы, 3-кабат 2-кабинет. Байланыш номери: (03234)5-14-10

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.